Кино күнү
2024-жылдын 7-мартында биздин мектепте театр жана кино күнү болуп белгиленди. Максаты: окуучулардын руханий-адептик сапаттарын тарбиялоо, адеп-ахлактык түшүнүктөрдү түшүнүү, колдонуу, ошондой эле инсандык жана көрүүчүлөрдүн активдүүлүгүн өнүктүрүү жана маданий эс алууну туура уюштуруу.
Окуучулар кино дүйнөсү жөнүндөгү билимдерин тереңдетет жана бекемдейт, искусствонун бир түрү, анын адам турмушундагы жана коомдогу ролу, окуучулардын эстетикалык сезимдерин өнүктүрүүгө тарбиялоо максатында, “Россия” кинотеатры менен мектептин түзүлгөн келишиминин жана мектептин тарбиялык иш планынын негизинде 1-11-класстарынын окуучуларына кино күнү өткөрүлдү. 1-4-класстын окуучулары “Кунг-фу Панда 4”, 5-11-класстар “Бейиш-эненин таманында” деген тасманы көрүштү.
Комментарии