№53 ЖОББМ “№53 жалпы орто билим берүү мектеби” мекемеси

Биз жөнүндө

Бишкек шаарындагы №53 жалпы билим берүүчү орто мектебинин  тарыхынан

Биз жөнүндө

Свердлов районуна караштуу №53 орто мектеби Бишкек шаарынын Төкөлдөш конушунда орун алган. Мектептен алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын маданиятына жана искусствосуна өчпөс из калтырган Төкөлдөштүн атактуу кыздары – Сайра Кийизбаева, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева эжелерибиз билим алышкан.

Лирика-драмалык сопрано үндүү кыргыз ырчысы, педагог Сайра Кийизбаева 1917-жылы Төкөлдөш аймагында жарык дүйнөгө келген.Төкөлдөштүн азыркы №53 мектебинде алгачкылардан болуп окуган.1938-жылы Кыргыз музыкалуу драма театрына солист болуп кирген. 1953-жылы Чоң театрда Пуччининин «Чио-Чио-Сан» операсында Баттерфляйдын партиясын (орус тилинде), кыргыз операларындагы башкы партияларды («Манаста»-Каныкей, «Айчүрөктө»-Айчүрөк, «Токтогулда-Тотуя») аткарган. Сайра Кийизбаева Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда 30 жылдан ашуун сабак берген, бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болгон. №53 мектеби жайгашкан көчө Сайра Кийизбаева эжебиздин ысымын алып жүрөт.

Кыргыз Республикасынын Баатыры Сабира Күмүшалиева 1917-жылы 19-мартта Төкөлдөш конушунда төрөлүп, балалыгы, алгачкы билим алуу мезгили №53 башталгыч мектебинде өткөн.

Театр искусствосунда өчпөс из калтырган актриса, №53 башталгыч мектеби- нен билим, тарбия алган Төкөлдөштүн төрт кызынын бири Даркүл Күйүкова театрда Жаңыл Мырзанын,Оңолкандын, Толгонайдын, Чыйырдынын татаал жана кызыктуу образдарын жаратты. Даркүл Күйүкова атактуу актриса болуу менен катар Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон.

Кино искусствосунда өзгөчө орду бар актриса Бакен Кыдыкеева эжебиз №53 мектепте 7-класска чейин окуп, окуусун 1936-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз- стандын жаш көрүүчүлөр театрында (учурда Б. Кыдыкеева атындагы жаштар жана жаш көрүүчүлөр мамлекеттик театры) уланткан. 1944-жылдан баштап Кыргыз академиялык драма театрында актриса болуп эмгектенет. «Бетме-бет» (Чыңгыз Айтматов) спектаклинде Сейденин ролун аткарган.

Мектептин учурдагы имараты 1963-жылы курулган. Ошондо 8 жылдык мек- теп болуп ачылган. Мектептин алгачкы директору болуп Махмутов Виктор Миржалилович дайындалган. Ал мектеп жетекчисинин кызматын 1965-1973-жылдар аралыгында аркалады.

1973-жылы мектеп 10 жылдык болуп кайрадан түзүлдү. Ошол жылы азыркы «Мадина» жеке ишканасынын жетекчиси жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Салимов Т.А., Кыргыз Республикасынын Эл артисти Мусин Ержан, БШКнин эки жолку чакырылышынын депутаты жана «Арзу» жеке ишканасынын жетекчиси Нурдинов Ш.А. 8 классты аяктаган алгачкы бүтүрүүчүлөрдөн болушкан.

Ошентип 10 жылдык жаңы түзүлгөн мектепте Хам Анатолий Алексеевич, Рогачёва Мария Николаевна жетекчилер эле. Аталган директорлордон кийин 1989-1993-жылы Жайнаков Шамшы Алымбекович – директор. 1993-1995-жылы Жолдошалиев Бекболот агай – директор.

1995-2016-жылдары мектепти жетектеп турган – Нурманбетова Басылкан Меденалиевна. 2017-жылдын январь айынан баштап мектеп директорлугуна Билим берүүнүн отличниги, райондук жана шаардык Билим берүү борборлорунда башкы адис кызматтарын аркалаган, 28 жылдык эмгек стажы бар Абдыжапарова Жыргал Кадырбековна дайындалды. Учурда ал жетекчилик кызматты ийгиликтүү аркалап келет.

Садирбаев Авазбек Егинчиевич жана Телебаева Рима Джакуповна-мектептин ардагер мугалимдери.

Алгебра жана геометрия мугалими Телебаева Р.Д. – педагогикалык илимдердин кандидаты. Рима Джакуповна азыр дагы жаш өспүрүмдөргө математиканын сырларын ачып, жамаат ичинде өзүнүн иш билгилиги, жөнөкөйлүгү менен айырмаланат.

Сүрөт жана чийүү мугалими Садирбаев А. Е. ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасайт. Учурда көркөм өнөр, технология сабактарынан окуучуларга билим, тарбия берет.

Быйылкы 2019-2020-окуу жылында мектепте 36 мугалим иштеп жатат.