“Кош бол, 1-классым”
2024-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу №53 ЖОББМде “Кош бол, 1-классым” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Майрамга класс жетекчи, мугалимдер, ата-энелер чакырылды.
Окуучулар ырларды көркөм окушуп, бийлеп, ырдап, жомоктордон үзүндүлөрдү көрсөтүп, “Манас” эпосунан дагы үзүндү айтып беришти.
Майрам жакшы деңгээлде өттү. Балдар өздөрүнүн чеберчилигин жана окууга болгон кызыгууларын, таланттарын көрсөтүштү.
Комментарии