Нооруз майрамыңыздар менен!
Бишкек шаарынын №53 жалпы орто билим берүү мектебинде 2024-жылдын 20- мартында «Нооруз» майрамына карата “Кыз-жигит сармерден” таймашы болуп өттү. Бул иш чарага мектеп мугалимдери, окуучулары жана ата-энелери катышты. Сармердендин талаптарына ылайык кыргыз элдик ырларын улуттук аспаптардын коштоосунда аткаруу, макал-лакап, табышмак, жаңылмач айтуу, улуттук оюндарды, салттарды көрсөтүү жана кыргыз бийлеринен бийлөө шарттары берилген.
Эки топ тең бул шарттарды жогорку чеберчиликте аткарышты. Иш-чара “Тушоо кесүү” салтын көрсөтүү менен аяктады.
Комментарии