5-март — Ак калпак күнү
2024-жылдын 5-мартында №53 орто мектебинде жыл сайын 3-март күнү майрамдалуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнүнө жана 5-март Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Салтанаттуу иш-чарада окуучулар туунун мааниси, тарыхы тууралуу толук маалымат алышты, салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын желеги көтөрүлдү. Ошондой эле директордун тарбия иштери боюнча орун басары С.С.Эсенгулова куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Бул иш-чаралар окуучулардын мекенчилдикке тарбиялоо жана өлкөнүн мамлекеттик символикасын урматтоо максатында өткөрүлөт. Ак калпак күнү болсо улуттук баш кийимдин маанисин сактоо максатында өткөрүлөт. Ошондой эле окуучулар үчүн ачык класстык саттар өткөрүлдү.
Комментарии