Тил – достуктун ачкычы
Бүгүн 21-февраль Бишкек шаарындагы Свердлов районунун №53 ЖОББМ де 21-февраль- Эл аралык эне тили күнүнө карата “Тил – достуктун ачкычы”аттуу кароо-сынагы өттү. Мектепте ар бир кафедра ар улуттун каада -салтын, үрп- адатын, маданиятын, өзгөчөлүгүн чагылдырып беришти. Ар бир кафедра окуучулар менен биргеликте иш-чарага активдүү катышышты.
Мектеп ичинде “21-февраль -Эл аралык эне тил күнү” деген темада класстык сааттар өтүлдү. 1-11-класстар арасында “Тил жоголсо- эл жоголот” деген аталышта сүрөт конкурсу уюштурулду. Жогоруда белгиленген иш-чараларга активдүү катышышты.
Комментарии