МАМЛЕКЕТТИК ТУУБУЗДУН КАБЫЛ АЛЫНГАНЫНА БYГYН 29 ЖЫЛ ТОЛДУ
КРнын Мамлекеттик Туусу 1992-жылы 3-мартта КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж. Матаев жана М. Сыдыков.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй тегеректин ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген.
Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.
Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу №53 ЖОББМде Туу күнү белгиленди. Мамлекеттик тил мугалимдери жана мектеп администрациясы тарабынан салтанаттуу тизим уюштурулду. Эртең менен саат 8.00 до мектептин мугалимдери жана 5-а класстын окуучулары мектептин алдына тизимге чыгып турушту. Саат 8.00 до КРнын Мамлекеттик Туусу салтанаттуу түрдө көтөрүлдү. Туунун мааниси жөнүндө ырлар, учкул сөздөр көркөм айтылды.
Комментарии