Кыргыз тили жана адабиятынын бирикмесинин декадасы
2021-2022-окуу жылында кыргыз тили жана адабияты бирикмесинде декаданын планы түзүлүп чакан иш чаралар болуп өттү. Мында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата дубал газеталар чыгарылып,1-11- класстар арасында класстык сааттар өтүлдү.
23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата 5-9-10-класстар арасында “Улут наркы-улуу тил”, “Улуттун улуулугу-эне тилинде”, “23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү” деген темады ачык сабактар өтүлүп, кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” деген темада кече уюштурулду. Кечеде 5-класстын,10-класстын окуучулары көркөм ыр окушуп, 9-класстын окуучусу “Эне тил тагдыры-эл тагдыры” деген темада доклад окуп өттү.10-9-класстар арасында музыкалуу ырлар ырдалды.
“Кыргызстан-касиети дүйнөнүн, Кыргызстан – жашоо, өмүр жүрөгүм” деген темада көркөм ырлар окулду.
“Ар бир элдин тили- өзүнө улуу” деген темада 8-9-10-11-класстар арасында дил баяндар алынды.
Декада учурунда түзүлгөн пландар аткарылып, бирикме мугалимдери тарабынан жыйынтыктоого алынды. Эң жакшы катышкан окуучуларга ыраазычылыктар айтылып мыкты дил баян жазаган окуучуларды райондук жана шаардык кароо-сынактарга катыштыруу сунушталды.
Комментарии