Эгемендүүлүккө 30 жыл
Кыргыз республикасынын Эгемендүүлүк күнү- ар бир кыргызстандык үчүн эӊ маанилүү майрамдардын бири. Дал ушул майрам биздин Ата Мекенибиздин эркиндигин жана туруктуулугунун символу болуп эсептелет. 30 жыл мурун , 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын тарыхында жаӊы барак ачылган. Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы жана эгемендүүлүгү жарыяланган, башкача айтканда, өлкө өнүгүү жолундагы өз тарыхый тандоосун жасаган.
№53 ЖОББМде эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү. 1-11-класстарына «Эгемендүү Кыргыз Республикасына 30 жыл» деген темада ачык тарбиялык сааттар өтүлдү. Ошондой эле «Эгемендүүлүккө 30 жыл» деген аталышта сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Биздин мектептин жаш мугалимдери Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган Ала Тоо аянтында өткөн салтанаттуу жөө жүрүшкө катышып, өздөрүнүн патриоттуулугун көрсөтүштү. Мугалимдер жана окуучулар бардык иш-чараларга активдүү катышты.
Комментарии