Жаш мугалимдердин декадасы: Билимге болгон жаңы дем!
2025-жылдын 21-28 -апрель аралыгында Бишкек шаарындагы №53 мектепте «Жаш мугалимдердин декадасы» өтту. Бул иш-чаранын максаты — жаш адистердин кесиптик чеберчилигин арттыруу жана чыгармачылыгын колдоо.
Декада алкагында ачык сабактар, усулдук семинарлар, тажрыйба алмашуу форумдары уюштурулду. Жаш мугалимдер өздөрүнүн жаңы методикалык ыкмаларын көрсөтүп, заманбап билим берүү технологияларын тааныштырышты.
«Жаш муун мугалимдер — билим берүү системасынын келечеги. Биз аларды колдоого даярбыз», — деп билдирди мектеп директору А.Н.Дуйшекеева.
Иш-чара аягында эң мыкты жаш мугалимдер ардак грамоталар жана сыйлыктар менен сыйланышты.
Комментарии