5-март 2021-жыл
Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.
Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу №53 ЖОББМде ак калпак күнүнө карата ачык сааттар, тегерек үстөлдөр, видео сабактар көрсөтүлдү.
Окуучулар иш-чараларга активдүү катышып, ак калпак күнү жогорку денгээлде өткөрүлдү.
Комментарии