“Жеңишке – урмат, тарыхка – таазим”
2025-жыл — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы. Бул маанилүү датага карата Кыргызстан боюнча бир катар патриоттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Ошол иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарындагы №53 жалпы билим берүү мектебинин 9-класстарынын окуучулары “Жеңишке – урмат, тарыхка – таазим” аттуу ИГ-планды ишке ашырып, Ата-Бейит мемориалдык комплексине барышты.
Иш-чаранын негизги максаты — Улуу Жеңиштин тарыхый маанисин терең түшүнүү, эркиндик үчүн жанын бергендерге ыраазычылык билдирүү жана мекенге болгон сүйүү сезимин арттыруу болду. Ата-Бейит – бул мекени үчүн курман болгон баатырлардын ыйык орду. Окуучулар бул жерге гүл коюп, эскерүү аземине катышышты, тарых сабагын жандуу түрдө сезип, чоң ата-бабаларыбыздын баатырдыгына таазим кылышты.
Бул маанилүү иш-чарага окуучуларды мектептин ИДН жетекчиси жана тарых мугалими Дүйшөмбекова Ажаргүл Айбековна жана тарых мугалими Бекишов Данияр Уланович жетектеп барышты.
Мындай иш-чаралар жаш муундун патриоттук тарбиясын чыңдап, тарыхты унутпай, мекен үчүн жанын берген баатырларды сыйлоого үйрөтөт. Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөн бул зыярат окуучулар үчүн эстен кеткис тарбиялык саат болду.
Комментарии