Жайкы эс алуучу лагердин ачылышы-2025
3 июнь күнү саат 10.00 мектеп ичинде уюштурулган жайкы эс алуучу лагердин ачылышы болуп өттү. Окуучулар өзүлөрүнүн концерттик программасын тартуулашты. 4 класстын окуучулары хор менен ыр аткарышты. 3 класстын окуучулары кыргыз бийин аткарышты, 1-2 класстын окуучулары ата-энелерге арналган ырды аткарышты. Ачылыш аземинин аягында балдар үчүн дискотека уюштурулган. Майрам көңүлдүү жана кызыктуу өттү. Пайдалуу эс алуу каалайбыз!
Комментарии