«Жаш мугалимдер-2025»
№ 53 ЖОББМде «Жаш мугалимдер» 10 күнлүк декасы ийгиликтүү ачылды. Иш-чараны мектептин директору Дуйшекеева Айнура Нарынбаевна салтанаттуу түрдө ачып берди. Ага мектеп администрациясынын мүчөлөрү, устаздар менен бирге, мектептин окуучулары да күбө болушту.
Ачылыш сөзүндө Дуйшекеева Айнура Нарынбаевна «Жаш мугалимдер» декасы — жаңы ыкмалар, идеялар менен таанышып, кесиптик өскөндүктү бекемдөөгө алтын мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. Андан соң мугалимдер өз таланттарын концерттик программа аркылуу көрсөтүштү Ыр жана бий, Сценка жана таланттарын тартуулашты. Өздөрүнүн илимий-тажрыйбалык долбоорлору жана колдонмо электрондук сабак методикалары боюнча презентация окушту. Алар өз иштеринин натыйжалуулугун, окуучулардын жетишкендиктерин мисалдар менен бөлүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мугалимдердин педагогикалык ийгиликтери — республикалдык олимпиадаларда алган сертификаттары, илимий-практикалык конференциялардагы докладдары, мектептин ичиндеги жаңы интерактивдүү кабинеттердеги сабактары тууралуу стенд презентациялар уюштурулду. Ар бир мугалимдин жаркын идеясы, кесиптик белестери көрүүчүлөргө чоң шыктануу тартуулады.
Бул дека мугалимдерге өзүнүн талантын көрсөтүп, бирин‑бири колдоп, тажрыйба алмашууга шарт түзөт. Аталган иш-чара алкагында алынган жаңы ыкмалар жана методикалар мектептин билим сапатын жогорулатууга, окуучулардын кызыгуусун арттыруу менен жыйынтыктуу натыйжа берген сабактарга негиз түзөт деген үмүттөбүз.
Комментарии