«Жаш Манасчы — 2024»
2024-жылдын 4-декабрь “Манас” эпосунун күнүн белгилөөгө карата Свердлов районуна караштуу № 53 жалпы орто билим берүү мектебинин алкагында “Жаш Манасчы — 2024” кароо-сынагы өткөрүлдү. Бүгүн биздин мектепте Манас күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Мында 5-9 класстар Манас айтышты. 8-А класстын окуучусу Карыпбаева Эркинай “Манастын төрөлүшүн” айтып берди. Ал эми 5-класстын окуучулары “Көз камандар окуясынан” үзүндү айтып беришти. 9-А класстын окуучулары болсо, “Хан Кошой” окуясын үзүндү айтып беришти. Жакшы айткан окуучуларга грамматалар берилди. Ал эми 4-7 класстар арасында Манас эпосунан сүрөт тартуу конкурсун жарялаганбыз. Мында окуучулар да чеберчилик менен сүрөт тартып келишкен. Эң жакшы тартылган сүрөттөргө 1, 2, 3, орундар берилди. 4-декабрь Манас күнүнө карата өтүлгөн иш-чарага жалпы 30 окуучу катышты. Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө жана жигердүү катышкан окуучуларга грамоталар тапшырылды. 4-декабрь — Манас күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чара жогорку деңгээлде өттү.
Комментарии