Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ыраазычылык
Бүгүн 53-жалпы билим берүү мектебинде Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган өзгөчө иш-чара өткөрүлдү. Бул маанилүү күн ардагер аталарыбыздын катышуусунда белгиленип, аларга урмат-сый көрсөтүлдү. Иш-чара жүрүшүндө окуучулар өздөрүнүн мекенге болгон сүйүүсүн жана Улуу Жеңишке болгон урмат-сыйын ар кандай көркөм номерлер аркылуу билдиришти. Алар патриоттук маанайдагы ырларды ырдап, драмалык сценкаларды коюп, улуттук бийлерди аткарып, хор менен чыгышты. Мындан сырткары, темага ылайык даярдалган сүрөт көргөзмөлөрү, адабий монтаждар жана чакан театрлаштырылган көрсөтүүлөр дагы тартууланды. Иш-чара ардагерлердин эскерүүлөрү менен коштолуп, окуучулар үчүн чоң таасир калтырды. Улуу Жеңиштин баалуулугун жана тарыхый маанисин жаш муундун жүрөгүнө жеткирүү максаты ийгиликтүү ишке ашты.
Комментарии