“Тил достуктун ачкычы”
21-февраль “Бүткүл дүйнөлүк эне тил” күнүнө карата №53 ЖОББМнин мугалимдер жааматы “Тил достуктун ачкычы” аттуу конкурс болуп өттү.
Биринчи эле ар бир ШМО жетекчилери ар бир улут боюнча бөлүнүп даярданышты. Бул боюнча программа түзүлүп, ар бир кафедра өздөрүнчө даярданышты. Баары болуп алты кафедра катышты.
1. Саламдашуу
2. Улуттун өзгөчөлүгүн жактоо
3. интервью алуу ( ар улулттун)
4. Улуттук тамак-ашы
5. Улуттун бийи же ыры
6. Формасы
7. Папка жасоо (улуту, тарыхы)
1.Мында биринчи эле табигый математикалык цикл кафедрасы “Испан” улутун жактап беришти. Анда мугалимдер программа боюнча баарын көрсөтө алды.
Мугалимдердин испан улутунун өзгөчө бийин көргөзө алды.
2. Башталгыч мугалимдери “Түрк” улутун жактап беришти. Мугалимдер тамак-ашынан бери көргөзө алды. Ар бир мугалим түркчө сүйлөгөнгө аракет кылышкан.
3.Орус тили жана чет тили кафедрасы “Кыргыз элинин” улуттук каада-салтын жана маданиятынан айтып беришти. Интервью кыргыздын улуттук-кийимдерин жана салтын чагылдырышкан.
4. Андан кийинки кезек болсо, “Гуманитардык билим берүү” кафедрасы келди. Алар болсо “Индия” ултунун өзгөчөлөгүнүн көргөзө алды. Индия бийин бийлеп беришти. Улуттук тамак-ашын да ала келип көргөзө алган.
5. Андан кийинки кезек болсо “Маданият жана искусство” кафедрасы сөз берилди. Мында алар “Өзбек” улутун жактап беришти. Тамак-ашы жана идиштеринен бери көргөзө алды. Мугалимдер өзгөчө даярданып келишкен.
6. Кийинки кезек болсо Кыргыз тили жана адабият кафедрасына келди. Биздин кафедра “Япон” улутун көргөзүп бердик. Өзгөчөлүгү баарын көргөзүп бере алдык. Япондун ырын жана бийин бийлеп, интервью да көргөзө алдык.
Ошентип биринчи орунга Кыргыз тили кафедрасы жеңип алды.
Экинчи орунга маданият жана искусство кафедрасы жеңсе, үчүнчү орунга болсо, гуманитардык кафедрасы жеңип чыкты.
Калган кафедралар болсо, жигердүү катышкандыгы үчүн граммоталар менен сыйланышты.
Комментарии