“Тазалык — ден соолуктун башаты”
№53 ЖОББМде “Тазалык — ден соолуктун башаты” аттуу жолугушуу жана ачык сабактар өткөрүлдү.
Бүгүн, 2025-жылдын 28-апрелинде, №53 жалпы орто билим берүү мектебинде экология жана санитардык маданият темасын камтыган маанилүү иш-чара болуп өттү. Бул иш-чаранын алкагында “Тазалык” ишканасынын директорунун орун басары — Асанбаева Бааркан Мелисовна мектеп жамааты менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Асанбаева Бааркан Мелисовна окуучуларга жана мугалимдерге шаардагы тазалыкты сактоонун мааниси, тиричилик таштандыларын туура бөлүп салуу, айлана-чөйрөнү коргоо маданияты тууралуу терең түшүндүрмө берди. Ал ошондой эле “Тазалык” ишканасынын күнүмдүк ишмердүүлүгү, шаар тазалыгына кошкон салымы тууралуу айтып өттү.
Иш-чаранын уландысы катары, мектептин бир нече класстарында “Тазалык — ден соолуктун башаты” темасында ачык тарбиялык сабактар уюштурулду. Бул сабактарда окуучулар тазалыкты сактоонун жеке жоопкерчилиги жана коомдук мааниси тууралуу ойлорун ортого салышып, кызыктуу талкуулар уюштурулду. Айрым класстарда топтук иш, сүрөт тартуу, сценкалар жана чакан баяндамалар дагы болду.
Мындай жолугушуулар жана ачык сабактар балдардын экологиялык маданиятын калыптандырууга, тазалыкка болгон жоопкерчиликтүү мамилесин өнүктүрүүгө чоң салым кошот. №53 ЖОББМ жетекчилиги мындан ары дагы ушундай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү максат кылууда.
Комментарии