“Тамекисиз мектеп”
53-ЖОББМнин окуучулары үчүн “Тамекесиз мектеп” аталышындагы иш-чаралар февраль айынын башынан тарта өткөрүлүп жатат. Бул иш-чаранын алкагында мектеп ичинде класстык сааттар, лекциялар, медициналык кызматкер менен жолугушуулар жана ар кандай тарбиялык-маалыматтык иш-чаралар уюштурулууда. Максаты – окуучулар арасында тамекинин зыяны тууралуу түшүнүктү кеңейтүү, сергек жашоо образын калыптандыруу жана ден соолук маданиятын жогорулатуу. Иш-чараларга мугалимдер, медицина кызматкерлери жана ата-энелер да активдүү катышууда.
Комментарии