Нооруз!
№53 ЖОББМде Нооруз майрамы шаңдуу белгиленди
Бүгүн, 14-март 2025-жылы, №53 жалпы орто билим берүү мектебинде 21-март – Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чараны мектептин директору Дүйшекеева Айнура Нарынбаевна ачып, катышуучуларды жаз майрамы менен куттуктады.
Майрамдык иш-чарага мектеп жамааты, мугалимдер, практиканттар жана окуучулар активдүү катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Программа алкагында “Манас” эпосунан үзүндү, комуз күүлөрү, обондуу ырлар, хор, улуттук бийлер жана ар кандай сахналаштырылган чыгармалар аткарылып, көрүүчүлөргө зор майрамдык маанай тартуулады.
Салтанатта окуучулар Нооруз майрамына байланыштуу улуттук каада-салттарды, оюн-зоокторду көрсөтүп, салттуу даамдар даярдалып, келген конокторго сунулду. Бул иш-чара жаш муунга улуттук нарк-дөөлөттөрдү таанытууда жана руханий тарбия берүүдөгү маанилүү иш-чаралардын бири болуп калды.
Майрамдык кече жандуу ыр-бий менен коштолуп, баардык катышуучуларга кубаныч жана шаң тартуулады.
Комментарии