Мекен алдындагы милдет.
Бүгүн 25-март 2025-жыл 53-жалпы орто билим берүү мектебинин 9-классынын окуучуларына аскердик каттоо күбөлүгү (военный прописной) салтанаттуу түрдө тапшырылды. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга аскердик милдет жана мекенге кызмат кылуунун мааниси тууралуу маалымат берилди. Бул иш-чара жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо жана аскердик кызматка даярдоо максатында уюштурулду. Окуучуларга документтерди тапшырган расмий өкүлдөр аларга ийгиликтерди каалап, келечекте мекенин коргоого даяр болууга чакырышты.
Комментарии