Мамлекеттик Туу күнү жана Ак калпак күнү!
53-ЖОББМде Мамлекеттик Туу күнү жана Ак калпак күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү
Бүгүн, 5-мартта, 53-ЖОББМде 3-март – Мамлекеттик Туу күнү жана 5-март – Ак калпак күнү урматына салтанаттуу линейка болуп өттү. Иш-чарага мектептин 1–11-класстарынын окуучулары жана мугалимдер жамааты катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик символдордун мааниси жөнүндө маалыматтык докладдар окулду. Окуучулар Кыргызстандын туусу жана ак калпагынын тарыхы, мааниси жана символикалык баалуулуктары тууралуу баяндап беришти. Айрыкча, ак калпактын кыргыз элинин улуттук дөөлөтү, эркиндиктин жана нукуралыктын символу экендиги баса белгиленди.
Ошондой эле, окуучулар тарабынан “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылып, патриоттук көркөм ырлар окулду. Кыргыз элинин биримдигин жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган хордук чыгармалар жана улуттук бийлер көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды.
Бул маданий иш-чара окуучуларга мекенчилдик рухун, мамлекеттик символдорго болгон сый-урматты жана улуттук баалуулуктарды терең сиңирүүгө зор өбөлгө түздү.
Комментарии