Мамлекеттик экзамен-2025
Бүгүн, 2025-жылдын 2-июнунда, №53 жалпы билим берүү орто мектебинде бир катар пландуу мамлекеттик экзамендер ийгиликтүү өткөрүлдү.
Тактап айтканда:
- 9-класстардын окуучулары алгебра сабагы боюнча комплекстүү тест тапшырышты. Бул экзамен окуучулардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана негизги математикалык түшүнүктөрдү өздөштүрүү деңгээлин баалоого багытталган.
- 11-«А» классынын бүтүрүүчүлөрү эне тилинен (кыргыз тили) эссе жазуу тапшырмасын аткарышты. Эссе жазуу аркылуу окуучулардын өз ойлорун так, логикалык жана чыгармачылык менен жеткирүү жөндөмдөрү бааланды.
- 11-«В» классы болсо орус тилинен эссе жазуу экзаменин тапшырып, бул тилдеги жазма сүйлөө жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Экзамендер мектеп администрациясы тарабынан уюштурулуп, билим берүү тармагындагы тиешелүү эрежелер жана коопсуздук талаптары толук сакталып өткөрүлдү. Окуучулар экзамендерге жоопкерчилик менен мамиле кылышып, жогорку деңгээлде катышуу көрсөтүштү.
№53 мектеп жамааты бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, аларга мындан аркы билим алуу жолунда ийгиликтүү кадамдарды тилейт.
Комментарии