КРнын эмгек сиңирген мугалими менен жолугушуу
Бүгүн 21-февраль 2025-жыл Бишкек шаарындагы №53 жалпы орто билим берүү мектебинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандитаты билим берүү жаатындагы көрүнүктүү педагог Гапыр Мадаминов мектептин ата-энелери жана мугалимдери менен жолугушуп, маанилүү семинар өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты – ата-энелердин жана мугалимдердин балдардын билим алуусундагы ролун күчөтүү, заманбап окутуу ыкмалары жана тарбия берүү усулдары менен тааныштыруу болду.
Гапыр Мадаминов өзүнүн көп жылдык тажрыйбасына таянып, окуучулардын ийгиликтүү билим алуусуна ата-энелердин жана мугалимдердин таасири, үй-бүлөлүк тарбиянын мааниси жана заманбап билим берүү системасынын талаптары тууралуу кеңири маалымат берди. Семинар учурунда катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, практикалык сунуштарды угуп, билим берүү жаатындагы натыйжалуу методикалар менен таанышты.
Мындан тышкары, ал мектеп жамааты менен да өзүнчө жолугушуу өткөрүп, айрыкча жаш мугалимдерге өзгөчө көңүл буруп, аларга шыктандыруучу сөздөрүн айтты. Ал педагогикалык кесиптин жоопкерчилиги жана коомдогу мааниси тууралуу баяндап, жаш мугалимдерди үзгүлтүксүз өнүгүүгө, чыгармачылык менен иштөөгө жана өздөрүнүн потенциалын толук ачууга үндөдү.
Жолугушуу ата-энелер жана мугалимдер үчүн абдан пайдалуу болуп, катышуучулар жаңы билимге ээ болушту. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар мындай семинарлардын өтүп турушу зарыл экенин белгилеп, агайыбызга терең ыраазычылык билдиришти.
Комментарии