КЕСИПТИК БАГЫТ БЕРҮҮ
Бүгүн №53 ЖОББМдин 9–10-11-класстарынын окуучуларына Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскердик институттун начальник кафедрасы, полковник Кумушбеков Искендер кесиптик багыт берүү боюнча жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга аскердик институтка тапшыруунун шарттары, окуу мүмкүнчүлүктөрү жана аскер кызматкеринин келечектеги карьерасы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле патриоттук тарбия, аскердик кесиптин артыкчылыктары жана Куралдуу Күчтөрдөгү кызмат өтөөнүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берили, окуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берип, кызуу талкуунун үстүндө мыкты маектешип,иш-чара өз максаты жетти.
Комментарии