Илим жана техника жумалыгынын ачылышы
Бүгүн, 24-февраль 2025-жыл. №53-жалпы орто билим берүү мектебинде “Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Свердлов районундук билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Керимкулова Махабат Жумабековна катышып №53-жалпы орто билим берүү мектебинин директору Дуйшекеева Айнура Нарынбаевна ачып берди. Иш-чарага Свердлов районунун ар бир мектеп мугалимдери жана 2 ден окуучу катышты Бул иш-чаранын негизги максаты – окуучуларды илимге, техникага, инновацияга болгон кызыгуусун арттыруу жана аларды чыгармачылыкка, изденүүгө шыктандыруу.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулардын кол эмгегинен жаралган ар кандай роботтор, инженердик макеттер жана илимий-практикалык көргөзмөлөр сунушталды. Бул эмгектер заманбап технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн ачып, жаш таланттардын ойлоп табуучулук жөндөмүн даңазалады.
Мындан тышкары, белгилүү окумуштуулардын монологдору угулуп, окуучулар даярдаган илимий сценкалар аткарылды. Бул чыгармалар илим менен техниканын өнүгүү тарыхын чагылдырып, улуу окумуштуулардын эмгектерин таанытууга багытталды. Жумалыктын ачылышы жандуу маданий иш-чара менен коштолуп, сахнада окуучулар илим жана технология темасындагы музыкалык чыгармаларды, көркөм номерлерди тартуулап Kahoot программасы менен оюн ойнотулуп 1-2-3-орунга ээ болгон окуучуларга сыйлуу белектер берилип жыйынтыкталды.
Бардык катышуучуларга ийгилик жана жаңы ачылыштарды каалайбыз!
Комментарии