Адабият күнү!
Свердлов районуна караштуу № 53 ЖОББМде«Адабият күнүнө» карата иш-чараларөткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, иш-чараны ачып алдык.
Адабият күнүнө карата план түзүлүп, 5-11- класстар арасында иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты окуучуларга Ч.Айтматовдун жана А.Осмоновдун чыгармаларын жайылтуу. Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткарышты.
“Цитаталар” жана учкул сөздөр орус жана кыргыз тилинде окуучулар айтып беришти.
Кыргыз тилинде гана эмес, орус, англис тилинде сценкаларды коюшту.
5-7 класстын окуучулары А. Осмоновдун ырларынан көркөм ыр окуп берди. Ар бир чыгармасынан үзүндү коюшту.
6-8 класстар болсо “Биринчи мугалим” чыгармасынан үзундү англис тилинде сценка коюшту.
Ал эми 7-8-9 класстын окуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынан монолог окушту.
Иш-чаранын аягында 6-7 класстын окуучулары болсо Чыңгыз Айтматовго карата “Ысык-Көлдү” сагыгуу обондуу ырын хор аткарышты.
Комментарии