Алиппе майрамы – билимге болгон алгачкы кадам!
18-апрель 2025-жыл – Бүгүн №53 жалпы билим берүү мекемесинде эң маанилүү жана кубанычтуу майрамдардын бири – Алиппе майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди.
Жыл сайын өтүүчү бул иш-чара 1-класс окуучулары үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алар бүгүн өздөрүнүн биринчи чоң жетишкендигин – окуп, жазганды үйрөнгөнүн белгилешти. Майрам мектептерде концерттик программалар, ыр-бийлер, сахналаштырылган көрүнүштөр жана атайын тапшырмалар менен коштолду.
Иш-чарада мугалимдер балдардын эмгегине жогору баа беришип, ата-энелер менен бирге бул улуу күндү кубануу менен белгилешти. Окуучулар өздөрүнүн алган билимин көрсөтүп, келечекте билим жолунда дагы чоң ийгиликтерге жетүүгө даяр экенин далилдешти.
Алиппе майрамы – бул келечек муундардын билимге болгон алгачкы кадамын тастыктаган өзгөчө күн. Бул майрам аркылуу балдардын окууга болгон кызыгуусун арттырып, мекенди сүйүүгө жана билимге умтулууга үндөйт.
Иш-чарага катышкан бардык коноктор жана ата-энелер кичинекей бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларга ийгиликтерди жана билим жолунда зор жетишкендиктерди каалашты.
Комментарии