53-жалпы орто билим берүү мектебинде “Акыркы коңгуроо” салтанаты
Бүгүн, 2025-жылдын 26-май күнү, 53-жалпы орто билим берүү мектебинде мектеп жашоосунун унутулгус учурларынын бири – “Акыркы коңгуроо” салтанаты өттү. Бул өзгөчө күнгө Свердлов райондук билим берүү башкармалыгынын адиси Асыкбаева Гүлзат Токтобековна ардактуу конок катары катышып, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, жүрөк жылыткан сөздөрүн айтты.
Иш-чарага мектептин 1-, 4-, 9-, 10- жана 11-класстарынын окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер жигердүү катышып, өз салымдарын кошушту. Майрамдык маанайдагы бул күнү кичинекей 1-класстын окуучуларынан тартып, мектеп босогосун аттап кетүүгө даярданып жаткан 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө чейин ар түрдүү ыр-бийлер, калоо-тилектер менен бул күндү өзгөчө кооздоп беришти.
11-класстардын окуучулары үчүн акыркы сабактар өтүлүп, мектеп менен коштошуу көз ирмемдери таасирдүү мүнөттөр менен коштолду. Иш-чара жүрөгүндө мектепке болгон ыраазычылык жана үмүт оту күйгөн бүтүрүүчүлөрдүн көз жашы менен аяктады.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр!
Сиздердин жашооңуздардагы жаңы барак ачылып жатат. Ар дайым улуу максаттарды коюп, ошол жолдо тайманбай кадам таштаңыздар. Билим менен бийикти багынтып, элиңерге, жериңерге татыктуу кызмат кылган инсан болуңуздар. Мектепте алган тарбияңыздар, устаттарыңыз берген акыл-насааттар дайыма жол көрсөтсүн! Ар дайым алдыңкы сапта болуп, жылдызыңыз жарык болсун!
Комментарии