“Кыргыз мамлекеттик тилинин” 36 жылдыгы
2025-жылдын 23-сентябрында Свердлов районуна караштуу №53 ЖББМда “Кыргыз мамлекеттик тилинин” 36 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана тилин даңазалаган ырларды, бийлерди жана сахналык чыгармаларды тартуулашты. Ошондой эле кыргыз тилинин коомдогу орду жана мааниси жөнүндө окуучулар белгилүү акын-жазуучулардын ырларын көркөм айтышты.
Концерттик программа кыргыз тилин урматтоого, аны күнүмдүк жашоодо активдүү колдонууга жана жаш муундун тилге болгон сүйүүсүн арттырууга багытталды.
Комментарии