№53 орто мектебинде 15-26 –январга чейин гуманитарлык секциянын декадасы
Бишкек шаарындагы №53 орто мектебининде 15-26 – январга чейин гуманитарлык секциянын декадасы болуп ɵттү. Декадада тарых, адам жана коом, биология, география, адеп, сабактары боюнча ачык сабактар, мастер класстар жана башка иш –чаралар ɵткɵрүлдү.
Тарых сабагы боюнча тарых мугалими Кудайбергенова В.А. 9-А классына «Экинчи дүйнɵлүк согуштун жүрүшүндɵгү бурулуш» деген темада ачык сабак ɵтүп берди сабак жандуу жана кɵрсɵтмɵлүү болуп, ТСО, карта, венндин диаграммасы, синквейн, кластер методдору колдонулду, сабак жакшы ɵттү, окуучулардын алган билими туура бааланды .
География сабагы боюнча Жамангулова Ш.Б. 8-а класска «Кыргызстандын ландшафтары» деген темада ачык сабак ɵтүп максатына жетти, сабак жакшы ɵткɵрүлдү окуучулар активдүү катышып беришти .
7-б класска Оморова Г.З «Түштүк Америка ɵлкɵлɵрү» деген темада география сабагы боюнча ачык саат ɵткɵрүп берди сабак жакшы окуучулардын да жооп берүүсү жакшы болду.
8-а класска Мусаева Н.М. «Кан тамырлардын түзүлүшү жана аткарган кызматы» деген темада биология сабагынан ачык сабак ɵтүп берди. Окуучулар жандуу жана так жооп берүү менен сабак жакшы ɵттү. ММБнын башчысы Кудайбергенова В.А 2019-ж. 26-январында декаданы жыйынтыктап мектептин жалпы мугалимдерине мастер- класс ɵткɵрүп берди.
Комментарии